SerepTV Logo

Түндө Бишкек—Ош жолу жабылат

Түндө Бишкек—Ош жолу жабылат
Кыргызстанда 25-26-февраль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. ӨКМдин маалыматына караганда, көпчүлүк аймактарда кар жана жамгыр жаайт. Бишкек—Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Ага байланыштуу Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде саат 22:00дөн тартып таңкы саат 06:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилет. Алыскы сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайбыз.
edita