SerepTV Logo

«Тынчтык жөнүндө» мыйзам. Бишкектеги кафе жана клубдар текшерилди

«Тынчтык жөнүндө» мыйзам. Бишкектеги кафе жана клубдар текшерилди

Борбор калаанын төрт районунда түнкү тынчтыкты сактоо боюнча профилактикалык рейддер жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддерге вице-мэрлер Виктория Мозгачева, Азамат Кадыров, Нургазы Курманбеков жана мэрия аппаратынын жетекчиси Ильяс Колопов катышты.

Тургундардан даттануулар түшкөн түнкү клубдар жана көңүл ачуу жайлары текшерилди. Алар:

  • «Арзу»
  • «Бархат»
  • «Солист»
  • «Шансон»
  • «Скай Баку»
  • Season
  • «Бохо»

Мекеме ээлери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, мыйзамдын талаптары түшүндүрүлдү.

«Кочевник», My Shisha жана Season аттуу жайларга 84 миң сомго протокол түзүлгөн.

Муниципалитет эскертет:

  • Жумуш күндөрү тынчтык саат 22:00дөн 07:00гө чейин сакталууга тийиш;

  • Ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү — саат 22:00дөн 09:00гө чейин.

Мындай рейддер мындан ары да улантылат.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="294851,294852,294853"]
edita