SerepTV Logo

Тынайбек Сансызбаев Токмок шаардык кеңешинин төрагасы болду

Тынайбек Сансызбаев Токмок шаардык кеңешинин төрагасы болду
Тынайбек Сансызбаев Токмок шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Кечээ, 9-августта Токмок шаардык кеңешинин жаңы депутаттары биринчи жыйынга чогулушту. Жыйынга 31 депутат катышты. Чогулушту депутаттардын эң улуусу Сулайман Ложаров ачкан. Шаардык кеңештин төрагалыгына 2 талапкер сунушталган — Мирбек Иманалиев («Эмгек») жана Тынайбек Сансызбаев («Эл биримдиги»). Жыйынтыгында Сансызбаев депутаттардын 18 добушуна ээ болуп, төрага болуп шайланган. Токмок шаардык кеңешине 5 партия шайланган. Алар: - «Бирге-Вместе» (9 мандат); - «Эмгек» (8 мандат); - «Асыл Мурас-Жаштар» (5 мандат); - «Патриот Ынтымагы» (5 мандат); - «Эл биримдиги» (4 мандат).