Туу күнүндө «Кыргыз Туусу» гезитине жаңы жетекчи дайындалды
«Кыргыз Туусу» гезитинин директору болуп Мырзакат Тыналиев дайындалды. Тийиштүү буйрукка кечээ, 3-мартта премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Мырзакат Тыналиев буга чейин аталган басылманын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектен. Ал эми гезиттин мурдагы жетекчи Эрнис Балбаков 16-февралда өз арызы менен кызматтан кеткени айтылган болчу.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Туусу» гезити Кыогызстандын уллуттук башкы гезити болуп саналат.