SerepTV Logo

"Turcovac" вакцинасын Кыргызстанда сыноо үчүн министрлик Түркияга шарт койду

"Turcovac" вакцинасын Кыргызстанда сыноо үчүн министрлик Түркияга шарт койду
Кыргызстанда коронавируска каршы "Turcovac" түрк вакцинасын изилдөөнүн үчүнчү этабы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, азырынча акыркы чечим жок. «Эгерде сүйлөшүүлөр бизге туура келбесе, биз тестирлөөлөрдү жүргүзбөйбүз. Түркиялык кесиптешим менен жолукканда мен эки шарт койдум. Эгер алар бизге гуманитардык жардам түрүндө белгилүү бир вакцина беришсе жана ушул жерге завод курушса изилдөөнүн үчүнчү этабы болот. Эгер андай болбосо, анда болбойт», - деди Бейшеналиев. Буга чейин "Turcovac" жаңы дарысын сыноого 40,8 миң ыктыярчы катышары маалымдалган. Изилдөө Венгрияда, Азербайжанда жана Кыргызстанда жүргүзүлмөкчү.
Unknown Author