SerepTV Logo

Турак жай сатып аларда курулуштун мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болот

Турак жай сатып аларда курулуштун мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болот
Турак жай сатып аларда курулуштун мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болот. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтмында, Мамкурулуш атайын сайт даярдаган. "Ал жактан бардык курулуштар тууралуу маалымат алса болот. 2025-жылдын январь айынан тарта ар бир курулуп жаткан объектиге QR-код тактайчасы илиниши керек. Анын ичинде курулуштун мыйзамдуулугун тастыктаган документтер көрсөтүлөт", - деди Орунтаев. Курулуш компаниялары январдын аягына чейин ушундай QR-код тактайчасын илүүгө тийиш, болбосо айыпка жыгылат.