SerepTV Logo

Тумандан улам "Манас" аэропортундагы каттамдар кармалууда

Тумандан улам "Манас" аэропортундагы каттамдар кармалууда
Бүгүн, 17-декабрда саат 00:00дөн тарта коюу туман байкалууда. Аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти. "Алматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Стамбулдан «Түрк авиа каттамдары», Дубайдан «Флай Дубай» жана Москвадан «Аэрофлот». Ошондой эле «АвиаТраффик» компаниясынын учагы Оштогу кошумча аэродромго конду. Кошумчалай кетсек, «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Нур-Султан жана Алматыдан уча турган каттамдары да кармалууда", - деп айтылат маалыматта. Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот: «Манас» - 0 312 693109; «Ош» - 0 3222 90101.