SerepTV Logo

"Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары 3 күнгө жабык болот

"Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары 3 күнгө жабык болот
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары 3 күнгө жабык болот. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.  "Кытайда Жаз майрамы белгиленип, буга байланыштуу 29-январдан 31-январга чейин аталган эки өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Чек ара 1-февралдан тарта ачылып, өткөрүү бекеттер кадимки тартипте иштейт", - деп кабарлайт Чек ара кызматы.