SerepTV Logo

"Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү жайлары убактылуу жабылат

"Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү жайлары убактылуу жабылат
Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Эркеч-Там-автожол” көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 1-3-январь күндөрү транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө убактылуу жабык болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. “Торугарт-автожол” жана “Эркеч-Там-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 4-январь күнү атайын алгоритм боюнча Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүүгө ишин улантат.