Төрага сот департаментинин башчысынын аты-жөнүнө нааразы болду
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сот департаментинин башчысы Жылдыз Рыскулованы аты-жөнүн кыргызчалоого чакырды.
“Рыскулова Джылдыз Джакшылыковна... Джылдыз Джакшылыковна, ушуну өзүңүз эле жакшынакай кылып кыргызчалап албайсызбы. Килтейген департаменттин директору болсоңуз... Ата-энеңиз Жылдыз, Жакшылык деп сонун ысымдар менен атаган экен. Ушуну эске алып башкаларга үлгү болсоңуз”, — деди ал.