Төрага депутатка: "Мен Нурланбек Тургунбекович эмесмин"
Бүгүн, 10-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу ага Нурланбек Тургунбекович деп кайрылган депутат Жанар Акаевге аты-жөнүнө байланыштуу эскертти.
"Мен Нурланбек Тургунбекович эмесмин. Мен Нурланбек Тургунбек уулумун. Кыргызча кайрылгыла. Нурланбек Тургунбекович жок",- деди төрага.
Эске салсак, ушул жылдын башында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөрткөн.