Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн
Аба ырайы кескин бузулуп, тынбай жааган жаан аралаш кардан улам өлкөнүн тоолуу райондору менен ашууларында көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык:
Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымдарында;
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында;
Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
Красная Горка–Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.