SerepTV Logo

Төө-Ашууда жааган кардан улам унаалар жолдо тыгылып турушат (видео)

Төө-Ашууда жааган кардан улам унаалар жолдо тыгылып турушат (видео)
Бүгүн, 3-мартта Төө-Ашууда жааган кардан улам жолдо унаалар тыгылып тургандыгы тууралуу видео социалдык тармактарга тарады. “Анда Төө-Ашууда -7 градус суук болууда. Кардан улам унаалар тыгылып турат. Жолдор тайгак”,- деп айтып жатышкандарын угууга болот. Белгилей кетсек, кечээ, 2-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо кар көчкү түшөрүн айтып, айдоочулар унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертишкен. [video width="1008" height="720" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/too-ashuudagy-taigaktan-jyk-tashuuchu-unaalar-oido-chyga-albai-jatat.mp4"][/video]  
Unknown Author