Эки жумада Токтогул суу сактагычындагы суу дээрлик 480 миллион метр кубга азайды
Эки аптанын ичинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 479 миллион метр кубга азайды.
“Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 22-мартта суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 миллиард 826 миллион метр кубду түздү.
Маалым болгондой, суунун агып келиши секундасына 100 метр кубду түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 401 метр кубга жетүүдө.
Эки жума мурун, тагыраагы, 8-мартта Токтогул суу сактагычында 9 миллиард 305 миллион метр куб суу бар болчу.