Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 538 миллион метр кубга жетти
Бүгүн, 8-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 538 миллион метр кубду түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 837 метр кубду түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 393 метр кубга жетүүдө. Ал эми суу сактагычтагы суунун көлөмү июнь айынан тартып август айына чейин көтөрүлөөрүү күтүлүүдө.