SerepTV Logo

Токтогул суу сактагычында суунун агып келишинен чыгышы дээрлик төрт эсеге көп болууда

Токтогул суу сактагычында суунун агып келишинен чыгышы дээрлик төрт эсеге көп болууда
Бүгүн, 8-мартка карата өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 305 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти. "Бүгүн, 8-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 305 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 147 метр куб, агып чыгышы 574 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан. Мындан беш күн мурун, тагыраагы 3-мартта суу сактагычта 9 миллиард 500 миллион метр куб суу бар болчу.
Unknown Author