Бүгүн, 2-апрелде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 694 миллион метр кубду түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 178 метр кубду түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 433 метр кубга жетүүдө. Өкмөттүн жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Токтогул суу сактагычы боюнча маалымат берген. Анын айтымында, 2021-жылдын 1-январына карата суунун көлөмү 12,25 миллиард метр кубду түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 миллиард метр кубга азайган (14,95 миллиард метр куб).
Болжол менен Токтогул суу сактагычына куйган суунун көлөмү орточо жылдык деңгээлге жетип, 96 пайыз түзүшү керек болсо, натыйжада, ал болгону 90 пайызды түздү. Учурда суунун көлөмү 8,7 миллиард метр кубду түзөт, бул 2020-жылга салыштырмалуу 2,9 миллиард метр кубга аз. Турдубаев маалымдагандай, бөлүштүрүүчү электр компаниялары жана ири өнөр жай ишканалары берилген чектен 332,8 миллион кВ саатка же 2,7 пайызга ашкан.