Токтогул суу сактагычында 8 миллиард 632 миллион метр куб суу бар
Бүгүн, 20-апрелде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 632 миллион метр кубду түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтына жарыяланды.
Ушул учурда суунун агып келиши секундасына 351 метр кубду түзөт, агып чыккан суунун көлөмү 259 метр кубга жетүүдө. 16-апрелде Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 8 миллиард 596 миллион метр куб болчу.
Былтыркы жылдын ушул мезгилинде суу сактагычта 11 миллиард 555 миллион метр куб суу бар болчу.