SerepTV Logo

Токтогазиев: 2025-жылга барып Борбор Азияда суунун айынан согуш чыгышы мүмкүн

Токтогазиев: 2025-жылга барып Борбор Азияда суунун айынан согуш чыгышы мүмкүн
Кыргызстан суу маселесин коңшу өлкөлөр менен азыртадан ачык чечишип алышы керек. Болбосо, бул кийин чоң чырга алып келет. Мындай пикирин мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өкмөт аралык жолугушууларда өзбектер да, кыргыз тарап да суу маселесин козгогусу келбейт. Бирок бул туура эмес. Маселени ачык айтып чечпесе, бара-бара согушка чейин алып барышы мүмкүн. Анткени суу көйгөйү жылдан-жылга курчуйт. Өзбек тарап суу сактагычтарды жакшы карап берүү үчүн Кыргызстанга акча төлөйт. Бирок кыргыз өкмөтү алган каражатын максаттуу пайдаланбайт. «Өзбек тарап «Биз акча берсек да, силер суу сактагычтарга ремонт жасабай жатасыңар» дешет. Бир күн дамба жарылып кетсе, эл аралык маанидеги чырга алып келет. Айрым эксперттердин пикиринде, Борбор Азияда 2025-жылдарга барып, суунун айынан чоң согуш чыгат. Суу маселесинде азыртан так иштешпесек, чоң чырга айланары анык», — дейт Токтогазиев. Ал мындан сырткары аткезчилик менен күрөшүү үчүн жогорку кызматтагылардын саясий эрки жетпей жатканын бир мисалга таянып түшүндүрдү. «Мен министр болуп турганда: «Кошумча кызматкер берсеңер, Кызыл-Кыядагы аткезчиликти 1 жумада токтотом. Эгерде токтото албасам, жумуштан кетүүгө даярмын», — дедим. Бирок жогору жактагылардын саясий эрки жетпей койду. Ал жактан бензин, күйүүчү май, мүмкүн баңгизат ташылат. Бул жерде эл аралык деңгээлдеги кызыкчылыктар да болушу ыктымал. Каалоо болсо, аткезчиликти токтотууга болот», — дейт экс-министр.
Unknown Author