SerepTV Logo

Токмоктогу мрамор жана керамикалык-гранит плиталарын чыгаруучу завод мамлекетке өттү

Токмоктогу мрамор жана керамикалык-гранит плиталарын чыгаруучу завод мамлекетке өттү
Чүй облусунун Токмок шаарындагы мрамор жана керамикалык-гранит плиталарын чыгаруучу завод мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди, анын ичинде өнөр жай жана социалдык объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралардын алкагында, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин атынан Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан "Кыргыз Тоо-Таш" өндүрүштүк масштабындагы керамикалык-гранит буюмдарын, мрамор плиталарын жана кум-шагыл аралашмасын өндүрүү боюнча завод мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.