SerepTV Logo

Токмокто 4 жаштагы кызды таап, апасына өткөрүп беришти

Токмокто 4 жаштагы кызды таап, апасына өткөрүп беришти
Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери адашып, үйүн таппай калган 4 жаштагы Адиля аттуу бөбөктү таап апасына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Алгач милиция кызматкерлери кыздын апасына балдарды кароосуз калтырбоону эскертишип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, андан соң өткөрүп беришти.