SerepTV Logo

Токмокто 15 жаштагы Сезим Сталбекова дайынсыз болууда

Токмокто 15 жаштагы Сезим Сталбекова дайынсыз болууда
Токмок шаарында 2006-жылы туулган Сталбекова Сезим Улановна изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Милициянын маалыматына караганда, ал 31-майда Токмок шаарындагы Трясин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Белгилери: бою 150-155, арык-чырай, көзү күрөң, чачы узун күрөң түстө, көкүлүндө сары түс бар. Кийими: кара футболка, агыш жынсы, кара-ак түстөгү бут кийим. “Көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерлер аркылуу байланышып коюуну өтүнөбүз: Чүй облустук милициясы: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85; Токмок шаардык милициясы: (0312) 60-73-63, (03138) 6-31-02, 0501 90 00 65, 0551 102 753”, - деп айтылат билдирүүдө.
Unknown Author