SerepTV Logo

Токиодо Паралимпиадалык оюндар башталды. Кыргызстандын спортчуларын кимдер коштоп кетишти?

Токиодо Паралимпиадалык оюндар башталды. Кыргызстандын спортчуларын кимдер коштоп кетишти?

Токиодо Паралимпиадалык оюндар башталды. Оюндарга 60тан ашуун өлкөдөн 4 миң 400гө жакын спортчу катышат.

Кыргызстандын атынан лицензияны утуп алган эки спортчу - пара жеңил атлетика боюнча Арстанбек Базаркулов жана парадзюдо боюнча 57 килограмм салмакка чейинки азиз спортчулар арасында -  Хайитхон Хусан кызы. 

  • Парадзюдо боюнча Хайитхон Хусан кызы медалдар үчүн күрөштү 28-августта баштайт. Тандоо туру Бишкек убактысы боюнча саат 7:30да башталат;
  • Пара жеңил атлетика боюнча Арстанбек Базаркулов 4-сентябрда чыгат. Мелдештин башталышы - 6:35.
Кыргыз улуттук Паралимпиадалык комитеттин башкы катчысы Саламат Бекбоевдун айтымында, спортчуларды коштоп машыктыруучулар Алмазбек Абиров, Канат Имьянов, Кыргызстандын улуттук паралимпиада комитетинин президенти Бакыт Исаков жана котормочу Кундуз Абирова Токиодо жүрүшөт.