Тойканаларда тойлор саат 22:00дө бүтө баштаганы айтылды. Мыйзамдын автору түшүндүрмө берди
Саат кечки 22:00дөн кийин Бишкектеги тойкана, кафелер ишин токтотуп жатыптыр. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Тынчтык тууралуу мыйзам эч кимдин иштөөсүнө тыюу салбайт. 22:00дөн кийин жөн гана тынчтыкты бузган катуу үн болбошу керек. Ресторандар калктуу конуштан алыс болсо, алар эч кимге тоскоол болбойт да. Мисалы, 7-апрель көчөсүндөгү ресторандар иштей берсе болот, себеби, антрактка чыксаң деле музыкасы сыртка угулбайт да", - деди депутат.
Кафе, тойканаларда тойлор саат 22:00дө бүтө баштаганы айтылып жатат. Бир катар тойканалар муну "Тынчтык жөнүндө" мыйзамы менен байланыштырышкан.