Тогуз-Тородогу Мойдунов атындагы мектеп "Жылдын мыкты мектеби" аталды
Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосунун жыйынтыгы чыгарылып, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү уюму “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аталды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, мектепке 300 миң сомдук сертификат тапшырылды. Салтанаттуу азем Бишкек шаарындагы айтылуу №69 ОТКнын базасында өттү. Тандоого катышкан жалпы мектептер ыраазычылык кат менен сыйланышты. Сынакка жалпы 122 мектеп катышкан.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="255436,255437"]