SerepTV Logo

Тилекмат Куренов 19-майга чейин камакта калтырылды

Тилекмат Куренов 19-майга чейин камакта калтырылды
Бүгүн, 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Тилекмат Кудайберген уулун 19-майга чейин камакка алды. 19-апрелде УКМК тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Тилекмат Куренов БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. "Учурда анын кылмыштуу байланыштарын аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын аймагында да, республиканын чегинен тышкары жерлерде да жүргүзүлүүдө",- дешкен УКМКдан.