Тергөө абагында өзүнө жаракат келтирген Имамидин Ташов боюнча УКМК маалымат берди
Тез жардам кызматы барып, Ташовду 4-шаардык ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынган. Ошол учурда анын абалы туруктуу деп бааланган. Тергөө абагында жаткандардын айтымында, Ташов жанына бир жолу колдонулуучу устаранын лезвиясын сактап жүргөн. Ошол менен денесине залал келтирген.
"Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам жакын туугандары менен сүйлөшүп, өзүнө кол салууга атайын даярданган. 4-шаардык оорукананын хирургуна текшерүү учурунда Ташов СИЗОдо кыйноолор болуп жатканын айткан. Бул чындыкка дал келбейт. Муну имараттагы бардык көзөмөл камералары тастыктап турат. Ошол эле учурда УКМК бул тууралуу прокуратурага кабарлап, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерин чакырган. Ташов борбордун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн кескин баш тарткан. Учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Ташов №21 СИЗОго которулду", - деп айтылат маалыматта.