SerepTV Logo

Тенгиз Бөлтүрүк: "Кумтөр Голд" компаниясы кызматкерлердин санын көбөйтөт"

Тенгиз Бөлтүрүк: "Кумтөр Голд" компаниясы кызматкерлердин санын көбөйтөт"

"Кумтөр Голд" компаниясына сырттан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк аталган компания кызматкерлердин санын көбөйтө тургандыгын билдирди. Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жумуш орундары кыскартылат деген көптөгөн имиштер болуп жаткандыгын, бирок тескерисинче, компания кызматкерлердин санын көбөйтө тургандыгын жазган. "Биздин максатыбыз - "Кумтөрдү" Кыргызстандын тоо-кен казып алуу тармагы үчүн адистерди даярдоо жайга айлантуу", - деп жазган ал.

Ошондой эле жаңы жетекчи ага Кыргызстандын жарандары компанияга жумушка орношуу маселелери боюнча күн сайын жеке жана телефон аркылуу кайрылып жаткандыгын билдирген. "Кумтөрдөгү" ачык вакансиялардын бардыгы компаниянын корпоративдик сайтында жарыяланып турат. Биз кызматкерлерди сынактык негизде тандап алабыз! Мындан ары "Кумтөргө" орношуунун ачык, адилеттүү жана чынчыл процесси камсыз кылынат", - деп кошумчалады ал.

Unknown Author