ТЭЦ-2 конушунун жашоочулары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты
Бүгүн, 25-мартта болжол менен 300дөй адам Өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышты. Алар борбордогу ТЭЦ-2, Ак-Ордо конушунун тургундары.
Өткөн жумада премьер Улукбек Марипов Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо, 400дөй үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келерин билдирген. "Мен картадан карап көрдүм, ТЭЦ-2нин 40 гектардай аймагына жаңы конуштар түшүптүр. Эгер биз жылуулук борборун ишке киргизсек, 400дөй үйдү көчүрүүгө туура келет. Бул - чоң көйгөй. ТЭЦтин оң жагында карьер бар, текшерүүчү органдар тийиштүү жерлерге көз салса жакшы болмок", — деген ал.
Чогулгандар турак жайларын мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышууда. Мындай өтүнүч менен алар президент Садыр Жапаровго кайрылууну көздөп жатышат. Айтымдарында, баарынын колунда Бишкек шаарынын Ленин райондук акимиатынын үй курууга уруксат берген кагаздары бар.