Театр жана кино искусствосунун чебери, белгилүү актриса Жамал Сейдакматованын баскан жолу
Бүтүндөй жашоосун театр жана кино искусствосуна арнаган, талыкпас эмгегинин арты менен Кыргыз ССРинин Эл артисти болуп, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты аталып, "Туңгуч" театрын негиздеген залкар улуу актриса Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.
Сейдакматованын апасы Ажар Каракол театрында актриса болуп иштеген. Улуу актриса ата-энесинин жалгыз баласы болгон. Ал берген интервьюларында атасы көп жылдардан бери бала жытына зар болуп келе жаткан мезгилде, бешинчи аял кылып апасы Ажарды алгандан кийин ал төрөлгөнүн айтып, балалык чагында абдан эрке өскөнүн эскерчү.
Орто мектепти аяктаган соң Жамал Сейдакматова Москвадагы жеңил өнөр жай институтуна тапшырган. Бирок окуу жайды 2-курста таштап, актрисалык жолду тандап кеткен.
Ал ошол убакта 18 гана жашта болгон. 1957-жылы учурдагы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына келип, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева жана башка залкарлардан таалим алып, өнөр жолуна кадам таштаган.
Корифей «Алыскы тоолордо» тасмасында Зиягүлдүн ролун аткаруу менен актрисалык ишмердүүлүгүн башталган.
Андан кийин Сейдакматова «Саманчынын жолунда» Алимандын, «Абийир кечирбейтте» Шайыргүлдүн, «Ак боз атта» Эркайымдын, «Кылым карытар бир күндө» Найман эненин, «Отеллодо» Дездемонанын, «Манастын уулу Семетейде» Каныкейдин, «Мунабияда» Мунабиянын, «Ханышанын көз жашында» Ханышанын жана башка ушул өңдүү көптөгөн каармандардын образын театр сахнасында терең ачып берген.
Ошондой эле кино жаатында да жемиштүү эмгектенип, «Караш-Караш окуясында» Хатшанын, «Уланда» Фатиманын, «Ак илбирстин тукумунда» Бегайымдын, «Акбаранын көз жашында» Көк Турсундун, «Курманжан Даткада» Курманжан Датканын жана башка образдарды тасма тарыхында калтыра алган.
Ал эми улуу актрисанын жеке жашоосу боюнча айтсак, 22 жашында артист Болот Шалтаевге турмушка чыккан. Экөөнүн уулу жети жашка чыкканда жолдошу Болот Шалтаев оорудан улам каза болуп калган. Экинчи турмушун профессор Садырбек Назаров менен курган. Ортолорунда Ажар аттуу кызы бар. Жамал Сейдакматованын бул жолдошу өткөн жылдын 26-июлунда каза болгон.
Учурда актрисанын бир уул, бир кызы жана алты небереси бар.
Жогоруда айта кеткендей, кыргыз кино жана театр өнөрүнө эбегейсиз зор салым кошкон өнөр ээси бүгүн, 16-февралга караган түнү көз жумду.
Залкар актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 17-февралда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.