SerepTV Logo

«Тазалыктын» кызматкерине кар күрөшкөн жол тескөөчүгө ыраазычылык кат тапшырылды

«Тазалыктын» кызматкерине кар күрөшкөн жол тескөөчүгө ыраазычылык кат тапшырылды
Социалдык тармактарда «Тазалыктын» кызматкерине кар күрөшкөн жол тескөөчүнүн видеосу тараган. Бишкек ШИИБ маалымат берип, Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Милициянын кайгуул кызматынан 3-рота 3-взводунун милиционери Нурбек Рахимовго кызматтык милдетин жоопкерчиликтүү аткарганы, коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон салымы үчүн, Бишкек ШИИБдин башчысынын атынан ыраазычылык кат берилип, чакан белектер тапшырылды.