SerepTV Logo

Тазабек Икрамов: "Коронавируска каршы вакцинаны биринчи өкмөт башчы өзү алсын"

Тазабек Икрамов: "Коронавируска каршы вакцинаны биринчи өкмөт башчы өзү алсын"
Коронавируска каршы вакцинаны биринчи кезекте премьер-министр, анын орун басарлары, саламаттык сактоо министри алышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди. “Саламаттык сактоо министрлиги парламентке келип эмдөө боюнча толук маалымат берсе жакшы болмок. Вакцинаны кайсы өлкөдөн алып жатат, баасы канча? Интернет булактарынан айрым өлкөлөрдө эмдөөдөн өткөндөн кийин ден соолугу начарлап, каза болгондор да катталууда. Вакцинаны элге берерден мурда, түз эфир аркылуу көрсөтүп, биринчи кезекте саламаттык сактоо министри, премьер-министр, анын орун басарлары, депутаттар алышы керек. Вакцина текшерилгенби, текшерилген эмеспи? Бизге келип, түшүндүрүп берсин. Себеби эртең албагандардын баарын кыйнай баштайт”, — деди ал.
edita