SerepTV Logo

Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамын май айынан тартып ишке киргизүү пландалууда

Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамын май айынан тартып ишке киргизүү пландалууда
Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамын май айынан тартып ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Өзбекстан темир жолдору” ишканасынын сайтына жарыяланды. Анда жазылгандай, 16-17-март күндөрү өзбек компаниясы "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын темир жол башкармалыгынын делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. "2021-жылдын май айынан тартып Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент" багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу поездин бир жумада бир жолу беш айга чейин жүргүзүү макулдашылды", — деп жазылган. Белгилей кетсек, каттам өткөн жылдагы пандемиядан улам үзгүлтүккө учураган.
Unknown Author