Ташиев тик учак менен Ош-Ноокат жолунун курулушун көрүп чыкты
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолундагы жол жана көпүрөлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшүн тик учак менен көрүп чыкты. Бул тууралуу "Регион" телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына маалымат бөлүшүп, видео жарыялады.
Бул жол тилкелери 30-октябрга чейин аякташы керектигин жана элге пайдаланууга берилиши керектигин Камчыбек Ташиев буга чейин 2 ирет эскерткен.