SerepTV Logo

Ташиев мурунку бийлик жерди кантип бөлүштүрүп бергендигин айтып берди

Ташиев мурунку бийлик жерди кантип бөлүштүрүп бергендигин айтып берди
"Мен да, президент Садыр Жапаров дагы кыргыз жерлерин саткан аткаминерлердин катарын толуктагыбыз келбейт",- деп сүйлөдү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Бирлик айылдык кеңешинин тургундары менен жолугушуусунда. Ал белгилегендей, чек ара маселелерин чечүүдө Садыр Жапаров экөө өлкөнүн мурунку бийлигинин тушунда кол коюлган документтер менен алек болушууда. «Көп жерлер буга чейин эле документтештирилип кетиптир. Ал тургай жергиликтүү бийликтер килтейген жер тилкелерин, бүтүндөй совхоздорду берип салышыптыр. Жакында эле мен белгилүү аксакалдардын бири Кыргызстандын жер боюнча дооматы жок деп кол койгон документ менен тааныштым. Ошондуктан, биз ушундай кырдаалга туш болдук", -деди УКМКнын башчысы. Ошондой эле Ташиев чек аранын айрым участокторун делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ар бир чечими ачык болоорун убада кылды. «Кыйынчылыктарга карабастан, чек ара маселелерин чечүү керек. Мен жоопкерчиликти өз мойнума алдып жатам. Албетте, эл каршы болсо, айрым чечимдер аткарылбай калышы мүмкүн, бирок делимитация жана демаркация маселелери аягына чыгышы керек », - деди Камчыбек Ташиев. Бүгүн, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп жатат. Ошондой эле бүгүн саат 17.00дө Ташиевдин Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуусу болот.
Unknown Author