Ташиев: "Кыргыз-тажик чек арасы боюнча документ Жогорку Кеңешке январь айында киргизилет"
Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берди.
"Чек ара бүттү. Биз чек араны толук такташып, макулдашууну бүтүрдүк. 11-декабрдан баштап картографиянын баарын сызып, даярдап жатабыз. Январь айынын ортосунда силерге алып келип калабыз. Баары ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, жер, көпүрө боюнча отчёт берүүгө даярмын. Чек ара чечилгенде "мен уттум, сен уттуң" деген болбош керек", - деди төрага.