Таш-Көмүрдө мал айдап кеткен жаран дайынсыз болуп жатат
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат таратып, Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну 15-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирди.
Маалыматка караганда, дайынсыз болуп жаткан жаран Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.
"9-январда саат 06:00дө издөө иштери уланат. Бүгүн бардык пландар түзүлүп, куткаруучулар жоголгон жарандын туугандары менен даярдык көрүүдө. Издөө иштеринде спутниктик байланыш колдонулат. Куткаруучулар толук жабдылган", - деп айтылат маалыматта.