SerepTV Logo

Тамекинин акциз салыгы кымбаттады

Тамекинин акциз салыгы кымбаттады
Быйылкы жылдын январынан тарта тамекиге болгон акциз салыгынын жаңы наркы белгиленди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,чыпкалуу жана чыпкасыз тамекинин, ошондой эле папиростун 1000 даанасына акциз салыгы 1750 сомдон 2000 сомго чейин жогорулады, 2022-жылдын 1-январынан тарта бул сумма 250 сомго жогорулайт. Белгилей кетсек, жыл сайын акциз салыгынын наркы жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында акциздин наркын айкалыштыруу максатында салык жогорулатылат.
Unknown Author