"Таманым жарылып кетти дейт". Ош мэри "Ош-Тазалыктын" жетекчиси эмне үчүн кызматтан кеткенин айтты
Бүгүн, 15-августта таңкы рейд учурунда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Супаналиев көчөсүнө барды. Көчөнү кеңейтүү иштеринин алкагында бузулган курулуш калдыктарын тазалоо жана аймакты иретке келтирүү тапшырмасын берди.
Ал ошол жерде "Ош-Тазалык" ишканасынын жетекчиси Нургазы Акматовдун эмне үчүн кызматтан кеткенин айтты.
"Нургазы жумуштан кетти. "Иштей албайт экем, кыйналып кеттим" деди. Эртеден-кечке жүрө албайм дейт. Ал кабинетте отуруп назик болуп калган да. Кабинеттин кишилери да. Биз көчөнүн кишилерибиз. Таманым жарылып кетти дейт. 1 ай болду ээ иштегенине?" - деди Оштун мэри.
Ал ошондой эле жетекчилик кызматка жетекчинин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Жылдызбек Көчкөновду 3 айлык сыноо мөөнөтү менен алганын айтты.