SerepTV Logo

"Тамагым кекиртегиме тыгылып". Камчыбек Ташиев коррупционерлер тууралуу

"Тамагым кекиртегиме тыгылып". Камчыбек Ташиев коррупционерлер тууралуу
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бир иш чарада коррупция менен айыпталып, мүлкү конфискацияланып бошотулган мурдагы премьер-министрдин жанында отуруп калып, тамагынан аш өтпөй кыйналганын айтты. Куран окутууда беле, ал киши жаныма отуруп калганда жеген тамагым кекиртегиме тыгылып турду. Өзүм да жаман жерде отургандай сезип жаттым”, — деди Ташиев. УКМКнын төрагасы маегинде коррупция менен колго түшкөндөр бошотулгандан кийин кайрадан ал иштерди улантып жаткандарын айтып "эми паракорлор жазадан кутула албайт" деди.