Таластагы аты жок чокуга "Бакай-Ата" аталышын берүү демилгеси 3-окууда кабыл алынды
Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Таластагы аты жок чокуга "Бакай-Ата" аталышын берүү боюнча мыйзам долбоор каралып, үчүнчү окууда колдоо тапты.
Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр.