SerepTV Logo

"Таласка кайрылган жолдон баштап бөлөк мамлекетке киргендей сезилет". Эл өкүлү жолдун абалына нааразы

"Таласка кайрылган жолдон баштап бөлөк мамлекетке киргендей сезилет". Эл өкүлү жолдун абалына нааразы
Таласка кайрылган жолдон баштап бөлөк мамлекетке киргендей сезилет. Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Тариел Жоробеков жолдордун абалына нааразы болду. “Айтууга туура келип жатат. Баарыбызга белгилүү 25-февралдан бери жааган кар дыйкандарыбызга жакшы болду. Бирок жүргүнчүлөрүбүзгө түйшүк жаратты. Суусамырдын ичи бат эле ачылды. Бирок Таласка кайрылган жолдон баштап бөлөк мамлекетке киргендей сезилет. Республикалык стратегиялык мааниге ээ жолубуздун абалы өтө начар. Өтмөк ашуусунун эки тарабы тең тазаланбай жол “гармошка” болуп калыптыр. Бул аз келгенсип, оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралып, эки тарабы тең тыгын болуп турат. Мен муну айтпайын дедим эле. Бирок 6-марттагы сапарымда 3 жол кырсыкка күбө болдум. Ал байкуштардын чыгымдарын ким төлөйт”, - деди ал.
edita