SerepTV Logo

"Талаа суусуз кургап калды". Бишкекте Чүй облусунун дыйкандары митингге чыгышты

"Талаа суусуз кургап калды". Бишкекте Чүй облусунун дыйкандары митингге чыгышты
Бүгүн, 8-июнда Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына Чүй облусунун дыйкандары митингге чыгышты. Алар сугат маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.

"Новопокровкадагы талааларыбыз кургакчылыктан жапа чегип жатат. Эки айдан бери суу жок. Менин жеримде өскөн малина дээрлик кургап калды. Алар көйгөйлөрдү чечүүнү гана убада кылышат, бирок иш жүзүндө эч нерсе кылышпайт. Ошондуктан, расмий адамдар бизди угат деген үмүт менен Өкмөт үйүнө келдик», - дешет нааразы тарап.

https://youtu.be/ePVfrsl4jOw