Тажиктер барымтага алган 10 Кыргыз жараны кайтарылды (видео)
Тажиктер тарабынан барымтага алынган 10 кыргызстандык кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Бүгүн, 1-майда саат 20:00дө Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылган.
"Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен, тажик жарандары тарабынан Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун барымтага алынган болчу. Алар азыркы учурда Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.
[video width="640" height="640" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/whatsapp-video-2021-05-01-at-20.43.28.mp4"][/video]