SerepTV Logo

Тажиктер кароосуз калган Арка айылындагы үйгө октон коргонуучу тозот жасашкан (видео)

Тажиктер кароосуз калган Арка айылындагы үйгө октон коргонуучу тозот жасашкан (видео)
Лейлек районунун Арка айылында тажик аскерлери куралдуу кол салуу учурунда үйгө курган тозоттор турат. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармактын Арзуу аттуу колдонуучусу жазып чыкты. Маалыматка караганда, алар айылдын тургуну Эрлан Макурамовдун үйүнө кум салынган каптарды ташып келип, жыйып, октон коргонуучу тозот жасашкан. Ага катар эле үйдүн бурчуна снайперчи жатып алып, аткылаган жай курушкан. Үйгө тамак-аштарды, печеньелерди алып келип жешкен. Үйдүн ичин тинтип, сыналгы, муздаткыч сыяктуу тиричилик буюмдарын тоноп кетишкен.