SerepTV Logo

Тажикстандан 50 Кыргыз жараны себепсиз чыгарылды

Тажикстандан 50 Кыргыз жараны себепсиз чыгарылды
Тажикстандан 50 Кыргыз жараны себепсиз чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, тажик тарап өз аракеттерине түшүндүрмө берген эмес. 2-январда Тажикстандан Кыргыз мамлекетине 47 Кыргыз жараны "Карамык-автожолу" өткөрүү пункту аркылуу чек араны кесип өткөн. Алардын баары Тажикстандын Жергетал районунун тургундары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Тажик жарандыгы бар. Кечээ, 4-январда дагы 3 Кыргыз жараны Тажикстандын аймагынан "Бордөбө-автожолу" өткөрүү пункту аркылуу чыгарылды. Жогорудагы Кыргыз жарандарынын баары коңшу өлкөнүн Жергетал, Мургаб жана Тоолуу-Бадахшан райондорунда мыйзамдуу жашап жатышкан жана жашап жаткан жери боюнча убактылуу каттоодо турушкан. Бирок 2-январь жана 4-январь күндөрү тажик бийлик өкүлдөрү 50 Кыргыз жаранына эч кандай себебин түшүндүрбөй, 24 сааттын ичинде туугандары менен коштошууга уруксат бербей, өлкөдөн чыгарып коюшкан.