SerepTV Logo

Тажик тарап кармалган үч кыргызстандыкты мекенине кайтарды

Тажик тарап кармалган үч кыргызстандыкты мекенине кайтарды

Тажикстанда кармалган үч кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынган. Ошондой эле Борбордук–Арка (Худжент – Канибадам) жолунун боюндагы курулушка байланыштуу көйгөйлөр талкууланды.

«Тажик тарап курулушту токтотуу боюнча чараларды көрөрүн билдирди. «Кулунду» өткөрмө бекетинде тажик чек арачылары үч кыргызстандыкты кыргызстандык кесиптештерине өткөрүп беришти, дагы үчөө жакынкы арада мекенине кайтарылат. Кыргыз тарап өз кезегинде Кыргыз Республикасынын аймагында кармалган эки тажик жаранын өткөрүп берет. Тараптар ошондой эле Сүлүктү-Пролетарск темир жол тилкесин демонтаждоо маселесин карап, эки мамлекеттин Лейлек жана Ганчин райондорунун жетекчилеринин деңгээлинде жолугушууну пландаштырышты», - деп айтылат маалыматта.