Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр оор өтүп, үч күндөн бери уланууда
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр оор өтүп, үч күндөн бери уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Кыргыз-тажик чек аралары боюнча Тажикстан мамлекетиндеги сүйлөшүүлөрү үч күндөн бери уланууда. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, сүйлөшүүлөр оор жүрүүдө. Бирок, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоодо, Кыргызстандык делегациянын башчысы, мамлекеттик чек ара комиссиясынын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич бекем позицияда турганы белгилүү болду»,- деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, 15-март күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылында жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөргөн. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын жыйыны Худжант шаарында өтөрү айтылган.