SerepTV Logo

"Табарсыкка тепкилеп...". Барымтага алынган 10 кыргызстандыкка ырайымсыз кыйноолорду көрсөтүшкөн (сүрөт)

"Табарсыкка тепкилеп...". Барымтага алынган 10 кыргызстандыкка ырайымсыз кыйноолорду көрсөтүшкөн (сүрөт)
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Тажикстан тарабынан барымтага алынган 10 кыргызстандыкты Гафур РИИБде ур-соккуга алышкан. Аларды сабап, чек арадан өзүбүз мыйзамсыз өткөнбүз деп жазып берүүлөрүн талап кылышкан. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу борборунан билдиришти.

«Тургундардын абалы жакшы эмес. Алар байланышууну каалашпай эле, кризис али өтө электиги сезилип турат. Биз тактаганга аракет кылып жатабыз, анткени адамдын ыктыярдуу макулдугу менен гана биз Стамбул протоколуна ылайык ур-токмоктун издерин тактоо үчүн эксперттерди тартууга укуктуубуз”, - деди борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков.

Эксперт катары Жалал-Абаддагы "Справедливость" укук коргоо уюмунун юристтери тартылган. Адвокаттардын бири Равшан Абдуллаевдин айтымында, тургундарды тажик аскерлери уурдап кетип, ырайымсыз кыйноолорго дуушар кылышкан. Аларды табарсык бөлүккө тепкилеп, мылтык менен башка чапкылашкан.

"Аларды дээрлик 2 сутка сабашкан. Акырында мурда даярдалган тажик тилинде жазылган документке кол койдурууга мажбурлашкан. Барымтага алынгандардын бири тажикче түшүнөт экен. Ал чек араны мыйзамсыз өткөнбүз деп жазылганын айтты", - деди ал.

Барымтага алынган он кишинин бешөө кыргыздар, бешөө өзбектер экени маалымдалды. Улуттук борбордун башчысы эл аралык эксперт Бермет Барыктабасова Стамбул протоколунун принциптерине жана эрежелерине ылайык зомбулуктун издерин документтештирүүгө катышкандыгын баса белгиледи.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="45086,45087,45088,45089,45090"]