SerepTV Logo

“Таатан” соода борборунун сатуучулары жаңы Салык кодексине каршы митингге чыгышты

“Таатан” соода борборунун сатуучулары жаңы Салык кодексине каршы митингге чыгышты
“Таатан” соода борборунун сатуучулары жаңы Салык кодексине каршы митингге чыгышты. Нааразылык акциясына чыккандар ККМ (көзөмөл-кассалык машина) орнотууга каршы экенин айтышты.

«Көпчүлүк товарларды сатуу үчүн алышат, ал кымбатыраак турат. Үстүнө 200-500 сом коштук дейли. Эми тапканыбызга эмес, жалпы суммага салык алынат. Албетте, биздин жылдык товар жүгүртүүбүз 8 миллион сомдон ашат. Бирок кээде товарды өздүк наркы менен берүүгө туура келет, негизи бир диванды сатуудан болгону 2 миң сом табууга болот. KKM орнотуу талап кылынбайт. Дайыма сырсөздү, ПИН-коддорду жана башкаларды киргизип туруш керек болот, кардарлар күтүп турмак беле?" – деп нааразы болгондор суроо салышат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-январынан тарта жаңы Салык кодекси күчүнө кириши керек. Буга чейин сатуучулардын кассалык аппараттары болсо, аларды салыктан бошотуу сунушталган.